Ырчы Кызсайкал Бөрүбаева: "Төрт жашымда ырдаган видеодон кызым өзүмө окшош экенин көрдүм"
Кызсайкал Бөрүбаева - кичинекей кезинен эле сахнага чыгып, өнөрүн тартуулап келген ырчылардын бири. Ырчы 4 жашында агасы Бекзат Кабылов менен бирге "Той тамаша" деген ырды аткарып жаткан видеосу менен бөлүштү. Ал SUPER.KG порталына видеону көргөндө кызын өзүнө окшоштурганын айтты.
"Төрт жашымда кошунабыздын дүкөнүнүн ачылышы болгондо ырдаган экенмин. Бирок эсимде жок. Кошунабыздын кызы - менин курбум. Кечээ тартып жөнөткөндө көрүп аябай сүйүнүп, таң калдым. Азыр кызым менин кичинекей кезиме окшош экенин көрдүм. Сахнага 6 жашымда чыкканым менен, негизи 3 жашымдан тартып эле ырдап баштагам. Агаларымдын кичинекей кезинде тартылган видеолору бар, менин архив видеолорум жок болчу", - деди ырчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nur777

06.05.2019. 14:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
анан?...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.