Жети-Өгүздө өспүрүм кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасады деп шектелген жаранды айылдаштары сабап салды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өспүрүм кызга ыплас иш-аракеттерди жасады деп шектелген жаранды айылдаштары сабап салган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 3-майда болгон.
"31 жаштагы жаран тарабынан ыплас иш-аракеттер болгонун кыз жакындарына айтып берген. Мындан улам айылдаштары ал жаранды ур-тепкиге алган. Сабалган жаран алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылган. Катуу эле сабалган. Бул факты боюнча эки иш козголду. Биринчиси, "өспүрүмгө катара ыплас иш-аракеттерди жасоо", ал эми экинчиси, шектүүнүн сабалышы боюнча. Учурда бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.