Украинанын башкы прокуратурасы президент Порошенкону суракка чакырды
Украинанын Башкы прокуратурасы президент Петро Порошенкону суракка чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Порошенко "Евромайдан" окуясынын күбөсү катары суракка чакырылган.
Башкы прокуратуранын атайын иликтөө башкармалыгынын башчысы Сергий Горбатюк: "Бул кылмыш ишине өлкө башчы экинчи ирет күбө катары чакырылды. Ошондой эле Петро Порошенкодон биринчи сурактагы протоколго кол коюушу күтүлүүдө. Сурак 7-май күнү саат 10:00дө болот деп", - билдирген.
Биринчи сурак 2016-жылдын ноябрь айында болгон. Бирок Петро Порошенко анда сурактын протоколуна кол коюудан баш тарткан.
Украинада 30-апрелде президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, Володимир Зеленский президент деп жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:47
2025-10-02
17:18
2025-10-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
interpol

06.05.2019. 23:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул кахолдордон көп жагынан сабак алсак болчудай экен. Таза шайлоо өткөрүштү, экс президент дебей сурака чакырышыптыр. Эгер күнөөсү болсо жооп бериш керек. АША да сурака чакырылчу күндү чыдамсыздык менен күтөм.
taalay25

07.05.2019. 00:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
interpol,азырынча экс эмес
Altyn2017

07.05.2019. 17:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул Аша менен Соке калп эле тирешимиш болуп элди алдап атышат а так бул экөө дагыле дос мурдакыдай Бир Кудай билет дагыле Аша башкарып атабы өлкөну.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.