super.kg logo

Бактияр Токторов 3 миң сом, Алмаз Шаадаев 6 миң сом. Ырчылар көчөлөргө коюлган камера жана айып пулдар боюнча эмне дешет?

 

"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргизилип, көчөлөргө камера орнотулганы белгилүү. Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн камера коюлгандан кийин канча айып пул алып, унаа башкаруусунда кандай өзгөрүүлөр болгонун сурап көрдүк.

Ырчылар Бактияр Токторов менен Алмаз Шаадаев эки жолу айып пул төлөгөнүн айтышты.

"Камерага түшүп калган боюнча 3 миң сом айып пул төлөдүм. Жол чыракка чейинки STOP сызыгынан жарым метрге өтүп анан токтоптурмун. Туура эмес деп ойлоп калдым. Анткени жол чырактан ары өтө албай же артка кайта албай калган учур болгон эле. Андан тышкары 1 миң сом келди. Жалпы 4 миң сом болду. Эрте төлөгөнүм үчүн 2 миң сом төлөдүм", - деди Бактияр Токторов.

Ырчы Алмаз Шаадаев белгиленген ылдамдыктан ашып кеткени үчүн эки жолу 3 миң сомдон айып кагазын алганын айтты.

Шоумен Манас Алыкулов, актёр Камчы Сарыбаев көчөлөргө камералар коюлгандан кийин абайлап айдап калышканын билдиришти.

"Чынын айтканда айып кагазын ала элекмин. Камера коюлгандан бери эрежени сактап айдап калбадымбы. Камера коюлганы абдан жакшы болду. Анткени чындыгында "коопсуз шаар" болот. Ар бир жерде камера турса коопсуздугуңа кам санабайсың. Бала уурдоо, кыз ала качуулар дагы азаят деген ойдомун", - деди Манас Алыкулов.

Актёр Камчы Сарыбаев карапайым эл үчүн айып пулдардын баасы кымбат деген пикирди колдой турганын айтты.

"Айып кагазын ала элекмин. Бирок белгиленген ылдамдыктан ашып айдоо боюнча инспекторлорго айып пул төлөдүм. Менин оюмча жол эрежелерин бузуу боюнча жаңы айып пулдардын баасы карапайым эл үчүн кымбат. Эл орто эсеп менен канча сом айлык акы алып жатканын эске алышса жакшы болмок. Ошондой эле көп көчөлөргө камера орнотулганы менен унаа кыймылы үчүн ыңгайсыз жерлер бар. Башкача айтканда шарт түзүлгөн эмес", - деди актёр Камчы Сарыбаев.

Алып баруучу Актан Рыскелдиев өзү жол эрежесин бузбай айдап жүргөнүн белгилеп, бирок айып кагазын алганын төмөнкүчө түшүндүрүп берди.

"Тааныш агамдын БМВ үлгүсүндөгү унаасы менин атыма катталган бойдон экен. Белгиленген ылдамдыктан ашып кеткени үчүн 3 миң сом айып пул мага келди. Агам өзү байланышка чыгат го деп жатам. Өзүмө айып пул келе элек. Негизи жол эрежелерин бузбай айдаганга аракет кылам", - деди Актан Рыскелдиев.

Ырчы Талант Кадыров "Камера орнотулгандан кийинки алгачкы күндөрдө жолдо өзгөрүүлөр байкалган. Солго бурулуп жатканда тизилип турушкан. Азыр мурунку калыбына кайра келип жатат" деди.

Ал эми ырчы Өктөм Сапар уулу "Камералар коюлганы жакшы болду. Бирок эл үчүн айып пулдардын баасы өтө эле кымбат. Негизи өзүм жол эрежесин сактап айдаган айдоочуларданмын. Айып кагазы келе элек. Келбей эле койсунчу", - дейт.

Айып кагазын албаган ырчылар Өктөм Сапар уулу, Талант Кадыровдун катарында Азиза, Жанета Баялиева, Дайыр Исмадияров, KG Элмурат, Курал Чокоев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.05.2019. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камераларды аялдамаларнада койсо жакшы болмок мен аялдамадан маршруткага чыгып жатканда кагалёгум менен паспорт акчамды уруларга урдаттым.уруларда колго тушуп урулук кылгандар азаймак дейм
10.05.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин иним да машинасын саткан экен ал машина дагы эле инимдин атында экен.Иним болсо азыр Россияда сатып алган киши болсо озуно Катара элек екен айып пул иниме келип атат ал киши ни кантип тапса болот.Машинаны алган кишинин тааныбайбыз.Айып пулду толоп атат иним билгендер айтып койгулачы таппканга жардам берип
Zeman түзөттү 2019-05-10 12:00:41
10.05.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zeman,Иниңиз Маиге барып эле заявление жазыш керек. Анан тиги келгенде сүйлөшүп алат.
11.05.2019. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaary рахмат чоон иним жок алыс жакта откуда инимдин ордуна башка тууганы жасса болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: