Ырчы Максат Садырбеков жакында бойдокчулук менен коштошот




Мурунку “Нон-Стоп” дуэтинин солисти, ырчы Максат Садырбеков Рамазан айы бүткөндөн кийин сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиевага үйлөнөт. Азыртадан эле толкунданып жатканын айткан ырчы SUPER.KG порталына той тууралуу буларды билдирди.
"Буюрса Орозо айы аяктагандан кийин Айсулуу экөөбүз бир башыбызды эки кылалы деп жатабыз. Кыз узатуу тою болбойт. Үйлөнүү тоюбуз эле болот. Той шоу-программа менен коштолот. Азырынча акырындан даярданып жатабыз", - дейт ал.
Максат Садырбеков ушул жылдын 31-декабрында сүйүктүүсү Айсулуунун колун тизе бүгүп сураган.
Ырчынын сүйүктүүсү социалдык тармактагы баракчасына үлпөт көйнөк кийген сүрөтүн жүктөп, окурмандарына "Үлпөт тойго барпайган көйнөк ылайыктуубу?" деген суроо салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Барса женилди