Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан Дамир Мусакеев Башкы прокуратуранын маалыматына жооп кайтарды
УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын Башкы прокуратура маалымдаган. Көп өтпөй эле ал Башкы прокуратуранын тараткан маалыматына жооп кайтарган. Дамир Мусакеевдин жообун КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.
"Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрүм болсо, мен 2016-жылга чейин үй-бүлөм менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабайт элем. Ооба, азыр кызматтык батирде жашап жатам. Менин жеке менчик үйүм же батирим жок. Чындыгында мага, менин ата-энеме жана туугандарыма таандык мүлктөрдүн баасы 20 миллионду чапчыбайт. Биздин болгон мүлктөрүбүз 5-6 миллион сом болушу мүмкүн. Анын ичинен 500-600 миң сомдук мүлк мага тиешелүү.
Атам 2005-жылы Бишкектеги Маевка айылынан 4 сотых жер тилкесин 25 миң сомго сатып алган. Ошондой эле эки бир тууганыма башка конуштан жер тилкелерин алып берген. Бирок агаларым ал конуштарга үйлөрүн толук салып бүтүрүшкөн эмес. Ал эми менин дагы мүмкүнчүлүгүм болбогондуктан, мен жатаканада жашоону уланта бергем. 2014-жылы Ысык-Көлдүн Тамчы айылынан 5 сотых жер тилкеси атамдын атына катталган. Бирок ал жер тилке мага таандык, себеби аны өкүл атам мага белекке берген. Ал жерге эч нерсе курулган эмес. Ата-энемдин Бөкөнбаев айылында өздөрүнүн үйү бар. Ал эми 3 бир тууганымдын Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдөн бирден батирлери бар. Мага жана менин туугандарыма таандык болгон мүлктөрдүн саны ушул.
Мен чындыкка жетериме ишенем. Эл көрүп турат. Башкалардай болуп сатып кеткен жокмун. Биздин каршылаштарыбыз жалган жалаа жабууда. Алар экс-президентти жана мени уят кылууну көздөшүүдө. Эртеби-кечпи бул жалган жалаа өздөрүнө кайтат", - деп жазылат билдирүүдө.
Башкы прокуратура УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын айткан.
Атамбаевдин жан сакчысы Мусакеев мыйзамсыз баюуга шектелүүдө


Сегизбаевтин кылыктарын да жакшы билебиз кимге кекейгендерин
Убакыт аларга да жетээр болгону оздорунун артын ушунчалык жапкан совершенно секретно деп ишти жапканына караганда