"Жеңиш" аянтында ардагерлерге жоокер тамагы берилүүдө. Чатырда тамактангандардын арасында депутаттар, премьер-министр, мэр Суракматов да бар
















Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиш майрамына карата "Жеңиш" аянтында ардагерлер үчүн жоокер тамагы уюштурулган. Аскер чатырларында согушка катышкан жана тылда эмгектенген ардагерлерге тамак берилип жатат. Чатырда тамактангандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, шаар мэри Азиз Суракматов жана башка бийлик өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары бар. Өкмөт өкүлдөрү жана шаар башчысы тамактанып жаткан чатыр кайтарууга алынып, эч ким киргизилген жок.
Белгилей кетсек, бүгүн Шопоков көчөсүндө борбор калаадагы музыканттар тобу концерттик программасын сунуштап, аскердик ырларды аткарышат. Ушул эле жерде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен биргеликте 2 миңдей адамга жоокерлердин тамагын берүү уюштурулган. Бул арада борбордук Абдрахманов көчөсү аркылуу "Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары шаңдуу марш менен келе жатышат. Алардын жүрүшү жоокер тамагы берилип жаткан "Жеңиш" аянтынан токтомокчу.
Бишкектеги "Жеңиш" аянтында жоокер тамагы берилүүдө




Калнандарына соз жок просто бан!!!
Орозоңор кабыл болсун...!!!