super.kg logo

Ысык-Атада небересине ыплас иш-аракеттерди жасады деп шектелген жаран убактылуу кармоочу жайда асынган абалда табылды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда небересине ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелген жаран убактылуу кармоочу жайда асынган абалда табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү Ысык-Ата РИИБине 24 жаштагы Киргшёлк айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 6-май күнү жашы жете элек кызына таятасы тарабынан сексуалдык аракеттер болгону жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 162-берене "Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле соттук медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү катары ошол эле күнү 55 жаштагы Р.С. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алдын ала көрсөтмөдө кылган ишин моюнуна алган.

"Ал 2017-жылдан бери кызы иштегенине байланыштуу анын жашы жете элек кыздарын багып келген. Шектүү жаран ушул жылдын апрель айынан бери чоңураак небересине ыплас мүнөздөгү иштер тууралуу айтып берип, ал гана эмес порнографиялык кинолорду да көрсөтүп келген. Бул көрсөтмөдөн кийин Ысык-Ата райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. 10-май күнү саат 06:50 чамасында Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайында шектүү асынып алган. Анын жанынан жакындарынан кечирим сураган кат табылган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Чүй ОИИББи кызматтык иликтөө баштады", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.05.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах кечирсин башка сөз жок
10.05.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куда катиться люди!!!
10.05.2019. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде бир гана адамда куноо.Эмнеге таштайт Апасы?Тимболе бой жеткен кызды.Кудай озу сактасын,жана Аллах озу жар болсун кызыма.Шайтанга баш ийип калдыда байкуш.Оз козубуз менен корбогондон кийин не дейт элек.Аллахым Бейишин берсин деп тилегенден башка аргабыз жок.
11.05.2019. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замана,кайда кетип баратасын?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: