super.kg logo

SUPER TV: Тор үстүндө таймашкан атактуулар. Кимиси кыйын?

 

SUPER TV жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын тартуулайт.

Буга чейинки программабызда атактуулар бийик жардан секирип тобокелдикке барышкан. Кийинки этапта ырчылар Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип, квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол ойноп, көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан. Ошондой эле жылдыздар чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып бампербол оюнунда күч сынашкан. Андан соң эки командага бөлүнгөн атактуулар суу оюндарында жана тоскоолдук тилкесинде таймашкан. Ал эми соңку ирет жылдыздар калаадагы оюн-зоок клубдарынын биринде кызуу күч сынашып, андан кийинкисинде шаардык муз аянтчасында хоккей ойношсо, көп өтпөй тоо-лыжа базаларынын биринде кышкы спорт оюндары, кийин баскетбол оюну боюнча таймашкан.

Бул ирет "Музаман" тобунун ырчысы Аксай Мукамбет уулу, ырчылар Кубаныч Сатаев, Илгиз Абдалиев, Сагыныч, Минюра Рахимжанова, Бурул Арунова, бийчи Максат Токтоналиев, актёрлор Бактарбек Абдуразаков, Жеңишбек Сманов, каскадёр Эрлан Жусупов оюн-зоок борборлорунун биринде күч сынашты.

Алгач командалар "Асман" жана "Ала-Тоо" деген эки командага бөлүнүп, андан соң кызуу таймашка өтүштү. Атактуулар биринчи бийик жылгаяктан түшүү, экинчи ыңгайсыз торчодон басуу тапшырмасын аткарышса, үчүнчү оюнда канат менен убакытка жарышты. Катышуучулардын арасында тапшырма аткаруудан баш тарткандары да болбой койгон жок.

Орозо болгонуна карабай, командасы үчүн жан үрөп, тердеп-кургап жарышкан атактуулардын таймашын төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.


кошулду





Тор үстүндө таймашкан атактуулар. Кимиси кыйын?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
10.05.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коз айнек таккан ким
11.05.2019. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mularamov,Жим Керри
10.05.2019. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздар маданият искуствого коп аралашуу керек. Искуство маданият адамдарды туура жолго тарбиялайт.
zhaku2017 түзөттү 2019-05-10 20:15:36
11.05.2019. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубаныч Сатаевден башкасын тааныган жокмун
11.05.2019. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо Биз тобунун Бир убакыттарда солисткасы болгон Аксана жонундо маалымат берип койсонор жакшы болот эле
SUPER.KG видео
29.05.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатаевден башкасын тааныган жокмун,булар кайдан чыккан жылдыздар)). Бирок оюн сонун болуптур ушул беруунорду кутуп коробуз ийгилик силерге.
29.05.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тор артында кармашкандар деп окуп алыпмын.
01.06.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каякта бул ? ала арча деген ушулбу ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: