Жалал-Абадда болгон жер титирөө бир топ шаарларда жана айылдарда сезилди (тизме)
11-майда саат 5:00 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 балл болду. Ал эми жакын жайгашкан шаарларда жана айылдарда төмөнкүдөй сезилди:
Күмүш-Азиз, Жар-Кыштак, Ладан-Кара айылдарында жана Сузак райондук борборунда 4 балл;
Жийде, Жаңы-Жер, Таш-Булак айылдарында жана Жалал-Абад шаарында 3 жарым балл;
Көк-Жаңгак, Кара-Суу жана Базар-Коргон шаарларында 3 балл;
Өзгөндө жана Масыда 2 жарым балл.
ӨКМнын маалыматы боюнча жер силкинүүнүн кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Мен биринчи жолу угуп жатам...
Тооба кылдым!
Аллах тилсиз жоодон сактасын.