super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-МАЙ: Көптөгөн куудулдардын сахнадагы атасы, сатирик Рахман Разыков 64 жашка толду

 

Маданиятка Эмгек сиңирген ишмер, куудул, сатирик Рахман Разыков 64 жашка толду. Ал 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозундагы азыркы Савай айылында туулган.

Ыр жазып, киного тартылып, депутат болуу үчүн талапкерлерлигин коюуга жетишкен куудул кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөнүн айтканы бар.

Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, "Таң жылдызы" деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир" топторун түзгөн. Жалпы 50-60ка жакын куудулдарды тарбиялап чыгарган. Ал куудулдар театрын ачуу максаты бар экенин белгилеп келет. Көп тармакта өзүн көрсөтө алганы менен өзүнө сатира көбүрөөк жакын экенин билдирген.

Саясий окуялар тууралуу сатира жазып, депутаттарды көп сындап келгени белгилүү. Мындан улам "кара тизмеге" кирип, концерт коюуда тоскоолдуктар жаралганын да айткан.

Жубайы Диля Разыкова экөө үч уул, үч кыздуу болушкан.

12-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.05.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайбыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: