Жалал-Абаддын борбордук көчөсүндө жылаңач басууга мажбур болгон бала милицияга арыз жазуудан баш тартты
Жалал-Абадда борбордук көчөдө жылаңач бойдон баскан жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, бул окуяга шектүү катары эки жаран кармалды. Алар 25 жашта жана экөө тең Жалал-Абад облусунун тургундары.
"Жабырлануучу жаран арыз жазган эмес жана ал кармалган эки шектүүгө эч кандай доосу жок экенин айтты. Себебин ал жеке иши катары айтууда. Ал эми кармалгандар жаңы суракка алынып баштады. Андыктан алардын эмне себептен жабырлануучуну жылаңачтап бастырганы тууралуу кечирээк белгилүү болот. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган", - деди басма сөз кызматкери.
Жалал-Абаддын эки тургуну бир жаранды жылаңач бойдон борбордук көчөдө басууга мажбурлашкан видео чыгып, ал интернетке тарап кеткен.
Жаран аны жылаңачтагандардын үстүнөн арыз жазбайт



Арыз жазбады деп канчалаган кылмыштар жабылып кетпартат