Ысык-Көл. Каракол шаарында 7 буу казан болсо, анын экөөсү оңдоодон өттү
Ысык-Көл облусунун башчысынын орун басары Акылбек Жаныбеков Каракол шаарындагы от казандардын (кательный) кышка карата даярдыгын текшерди. Айтымында, Каракол шаары боюнча 7 буу казан болсо, каражаттын тартыштыгынан алардын экөөсү гана оңдоодон өттү. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" ишканасы ушул күнгө чейин тиешелүү каражатты бөлүп бере элек экен. Эске сала кетсек, от казандарды көмүр менен камсыз кылуу иштери азыр баштала элек. Жалпысынан бир жылга 24 миң тонна көмүр талап кылынса, учурда 3 миң тонна гана көмүр бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

