super.kg logo

Орусияда миңдеген гектар токойлор өрттөнүп жатат

 

Орусияда миңдеген гектар токойлор өрттөнүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, өрт каптаган токойлордун жалпы аянты 40 миң гектардан ашат. Буга байланыштуу өлкөнүн 6 аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, эң оор кырдаал Забайкалье аймагында байкалган. Ал жакта 18 миң гектар токой күйүп жатса, Иркутск аймагында тилсиз жоо каптаган токойдун аянты 10 миң гектарга жетет. Кырсыктан 36 адам күйүк алып, 1 адам каза болгон. Ошондой эле 200гө жакын турак үй жана 10 миңден ашык үй жаныбарлары күйүп кеткен.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тилсиз жоо өрткө каршы эрежелер сакталбагандыктан келип чыккан. Президент Владимир Путин кырсыктын келип чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктап, аларга тиешелүү болгон жер тилкелерин мамлекеттин карамагына өткөрүүнү буюрду.

Орусиянын токойлорундагы өрт апрель айынын аягынан бери уланып келет. Бүгүнкү күндө тилсиз жоого каршы 3 миң 400 өрт өчүрүүчү, 675 техника жана ондогон тик учактар иш жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.05.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шашлыкжегени чыгышат ан орт башталат экен да
14.05.2019. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо газ нефть казгандан
14.05.2019. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путин мырза канчалаган токойлоруң өрттөнүп жатат андан көрө ошол карагайларыңды бизге арзан баада экспорттосоң жакшы болбойт беле бизде карагай деген кымбат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: