Орусияда шахтада вентилятор жарактан чыгып, 121 адам сыртка чыгарылды
Орусияда шахтада аба берүүчү вентилятор жарактан чыгып, 121 адам сыртка чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Новокузнецк районундагы "Ерунаковская-8" шахтасында орун алган. Анда таза аба берүүчү вентилятор жарактан чыгып калган. Мындан улам шахтада иштеп жаткан адамдардын баарын тез арада сыртка чыгаруу керек болгон.
"Шахтанын ичиндеги 121 адам аз убакыттын ичинде сыртка чыгарылган. Эч ким жабыркаган жок. Учурда вентилятор кайра ишке кирди, шахтага таза аба берүү калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.