super.kg logo
  Саясат  

Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо өтүүдө. Талапкерлердин өмүр баяны

 

Бүгүн, 14-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка эки талапкер катталган. Алар “Замандаш” жана “Кыргызстан” фракцияларынан.

Кудайбергенов Марат Сагынович – “Замандаш” фракциясынан. 1993-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну. Билими жогорку – Жусуп Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Алыш Сервис” ЖЧКсынын башкы директору;

2017-жылдын августунан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;

2019-жылдан тарта “Кыргыз Республикасынын президентинин №2 мамлекеттик резиденциясы” мекемесинин маркетинг жана бош убакытты уюштуруу кызматынын башчысы.

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү.

Шакиров Мирбек Кадырбекович – “Кыргызстан” фракциясынан.

1979-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну. Билими жогорку – К.И.Скрябин атындагы КАУну “Экономика жана агрардык өндүрүштү башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн, квалификациясы “Дипломдуу адис (Экономист)”.

Иш тажрыйбасы:

2003-жылдан 2005-жылга чейин – Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын өнөр жай секторунун жетектөөчү адиси;

2005-жылдан – “Шумкар ЫККФ” ААКсынын материалдык бухгалтери;

2008-жылдан – “Шумкар ЫККФ” ААКсынын МТЖ бөлүмүнүн башчысы;

2009-жылдан – “Шумкар ЫККФ” ААКсынын коммерциялык директору;

2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Шумкар ЫККФ” ААКсынын башкы директору;

2016-жылдан азыркыга чейин – Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты.

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов иштеген. Ал 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: