super.kg logo

"Газпромнефть" "Сапарыбыз бир программасына 3 жыл" акциясынын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды

 

8-майда "Газпром нефть Азия" компаниясынын башкы кеңсесинде "Сапарыбыз бир программасына 3 жыл" акциясынын жыйынтыгы боюнча белектерди салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Жеңүүчүлөр жаңы айфондорго, жүздөгөн литр G-Drive бензин жана башка баалуу белектерге ээ болушту. Бул акция Кыргыз Республикасынын аймагында "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасынын 3 жылдыгына арналган. Ал 2019-жылдын 21-февралынан 24-апрелине чейин өткөн.

Компаниянын башкы директорунун орун басары Алишер Жолчуев жеңүүчүлөргө акцияга катышканы жана "Газпромнефть" тармагын тандаганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, белектерди тапшырды:

  • 3 iPhone XS Max
  • 3 Smart TV үлгүсүндөгү кенен форматтык плазма сыналгы
  • 3 Sony PlayStation 4 оюн приставкасы
  • G-Drive 95 үлгүсүндөгү 500 литр, 300 литр, 100 литр, 50 литр бензин куюуга 12 сертификат.

Азамат Казыбаев iPhone XS Max смартфонун утту:

"Мен ар дайым силерден унаама май толтурам. Өзүмдүн атымды жеңүүчүлөрдүн тизмесинен көргөндөн кийин ийгилигиме ишендим. Сонун акция, абдан кубанычтамын! Силер да катышып, белектерди уткула!"

Елена Карнаухова Sony PlayStation 4 оюн приставкасын утту:

"Мен жана туугандарым үчүн бул күтүүсүз нерсе болду. Чоң рахмат! Бул майрам үчүн компаниянын жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылыгымды билдирем!"

Мирлан Сакиев G-Drive 95 үлгүсүндөгү 500 литр бензин куюуга сертификат утту:

"Сиздин лоялдуулук программаңыздын катышуучусу болгонума 3 жыл болду. Башында мага айтышканда, мен утканыма ишенбей койгом. Текшерүү үчүн жакынкы май куюучу жайга баргам. Ал жерден 500 литр бензинди утканымды айтышты. Менин оюмча, бул жарым жылга жетет. "Газпромнефттин" акцияларына катышкыла – ийгилик ар бириңерге жылмайышы мүмкүн!"

“Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагы “Сапарыбыз бир программасына 3 жыл” акциясынын жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайт жана кардарларына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет! Биз ар дайым сапардагылар үчүн чоң иштерди жасайбыз!

Маалымат үчүн:

"Сапарыбыз бир программасына 3 жыл" акциясы 2019-жылдын 21-февралынан 24-апрелине чейин өткөн. Анда "Газпромнефттин" лоялдуулук программасынын 64 миң катышуучусу катышкан. Оюн 26-апрелде онлайн режиминде Random.org сайтын пайдалануу менен көз карандысыз байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: