Түштүк Кореядагы белгилүү актриса Хан Га Ин уулдуу болду
"Айдын кучагындагы күн" сериалы.


"Айдын кучагындагы күн" сериалы.

"Архитектураны таануу" тасмасынан.

"Жаман жигит" сериалы.

"Сүйүүгө кабылган жезкемпир" сериалы.

Актёр Йон Жоң Хун менен актриса Хан Га Ин.

Актриса жарнамаларга көп тартылат.


Түштүк Кореядагы белгилүү актриса Хан Га Ин менен жолдошу актёр Йон Жоң Хун уулдуу болушту. Маалыматты BH Entertainment агенттигине шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.
Белгилүү болгондой, актриса Сеулдагы төрөтканалардын биринде 13-майда түнкү саат 2лер чамасында көз жарды. Учурда ымыркайдын жана энесинин абалы жакшы.
Атактуулар 2003-жылы "Сары жоолук" сериалына тартылганда таанышып, эки жылдан кийин баш кошушкан. 11 жыл чогуу жашагандан соң 2016-жылы 13-апрелде кыздуу болушкан.
Хан Га Ин 37 жашта. Ал Түштүк Кореядагы сулуу актрисалардын катарында турат. Актриса "Сүйүүгө кабылган жезкемпир", "Жаман жигит", "Айдын кучагындагы күн" аттуу бир катар сериалдарга, "Архитектураны таануу" тасмасына тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
6

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.