super.kg logo

Учурда Дубайда эс алып жүргөн Аваз Акимов менен Айдана Деканын клиби "Супер хиттен" четтетилип, ордуна Фарида Карбосованын клиби кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" аталышындагы чыгармасынын клиби "Супер хиттен" четтетилип, анын ордуна Фарида Карбосованын "Ашыгам" аттуу ырына тартылган клиби кошулду.

8-МАЙДАН 15-МАЙГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орунду Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" аталышындагы ыры ээлеп, аз добуш катары саналгандыктан, сынактан четтетилди.

9-орунду Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеокомпозициясы камсыздады.

8-орунду Нияз Абдыразаковдун "Жубайым" чыгармасы багындырды.

7-орун Турдакун Ниязалиевдин "Ак ниет" видеокомпозициясына буюрду.

6-орунду Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" клиби ээледи.

5-орунга Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" видеоклиби жайгашты.

4-орунду Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" чыгармасы алды.

3-орун Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасына буюруп, алдыңкы үчтүктөн орун ээледи.

2-орунда Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" клиби келе жатат.

1-орунду Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" чыгармасы илип кетти.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеменин басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.05.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Темасын укмуш кылып жазгансынар го супер инфо жамааты. Аваз менен Айдананын дуетинин ордуна жаны чыгарма кошулду, деп эле жазып койсо болот го. Дубайда эс алып жургондорунон бери жазбай эле(:.
15.05.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маанилуу ырлар акыркы орундарда,мааниси жоктор башкы орундаго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: