Бишкекте 2 унаа сүзүшүп, бири оодарылып кетти




Бүгүн, 16-майда түнкү саат 00:30дар чамасында Жумабек жана Касым Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Эстима жана Тойота Виш унаалары сүзүшүп, бири оодарылып кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу ылдамдыкта келе жаткан унаалар сүзүшкөндө Тойота Эстима оодарылып кеткен.
"Оодарылып кеткен унаанын айдоочусу жана анын ичиндеги 2 жүргүнчү жеңил жаракат алып ооруканага кайрылышты. Азыркы тапта тактоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.