super.kg logo

Май айында "Аладдин" тасмасы жарык көрөт. Уилл Смит ойногон Жинндин үнүн орустардан ким коштомой болду?

 

23-майда дүйнөнүн бардык кинотеатрларында Disney кинокомпаниясынын "Аладдин" тасмасы көрсөтүлүп баштайт. Тасма көп сериялуу "Аладдин" мультфильминин негизинде тартылган. Буга чейин белгилүү болгондой, андагы баш каармандардын бири, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон сыйкырчы Жинндин ролун Уилл Смит аткарары маалым болгон. Тартуучу топ 50 жаштагы актёр Уилл Смиттин Жинндин образында кандай көрүнөрүн жашырып келген. 2018-жылдын декабрь айында "Entertainment Weekly" журналынын башкы бетине көрүүчүлөр көптөн күткөн Жинндин образындагы Уилл Смит чыккан.

"Аладдиндеги" Жинндин үнүн орусча котормодо ким коштойт деп жатсаңыз, бул мүмкүнчүлүк ырчы Алексей Чумаковго буюрган.

"Мага мындай мүмкүнчүлүк абдан жагымдуу болду. Ушундай чоң ишеним артып, тасмадагы негизги каармандардын бири болгон Жинндин үнүн коштоону тапшыргандарга рахмат. Уникалдуу актёр Уилл Смитти "орусча сүйлөтүү" - чоң жоопкерчилик. Үнүм менен болсо дагы ушундай жомоктогудай дүйнөгө кирип жатканым чоң сыймык", - деген Чумаков. Интернет колдонуучуларынын арасында Жинндин үнүн коштоону ырчы Чумаковго ишенип бергендерге кыжырлангандар арбын. Ошондой эле анын кандай угуларына кызыккандар да чыдамсыздык менен күтүп жатканын жазышкан.

"Аладдин" тасмасынын режиссёру - өз ишин мыкты билген, комедиядагы тамашалуу диалогдорду мыкты түзгөн мастер Гай Ричи. Эгер мультфильмди көрүп, андагы сүйүктүү каармандарыңыз алиге чейин эсиңизде болсо, анда тасмадан дагы ошол эле каармандар: эр жүрөк Аладдин, колу туткак маймыл Абу, кабагына кайгы түшпөгөн тамашакөй Жинн, сулуу ханбийке Жасмин, кара мүртөз Жафар, арамза тоту куш Яго жана башка каармандарды көрө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.05.2019. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кутобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: