Ысык-Көлдө жеңил унаа 5-класстын окуучусун сүзүп, ал каза болду
Ысык-Көл районунда жеңил унаа мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-майда саат 15:50 чамасында Кара-Ой айылында катталган.
"Тойота Краун үлгүсүндөгү унааны 27 жаштагы айдоочу башкарып келе жаткан. Алдын ала божомолдор боюнча окуучу жолго чыга калган. Окуя болгон жерден окуучу ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короосуна токтотулду. Ал эми териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Айдоочу Нарын облусунун Чаек айылынын тургуну" , - деп билдирет маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.