super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Азербайжандын колдоосу менен мектеп куруу маселеcи каралууда

 

Бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджиев менен жолугушту. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда, Гейдар Алиев атындагы сейил бакты оңдоо жана көрктөндүрүү маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, азыркы тапта эки өлкөнүн архитекторлору аталган сейил багынын долбоорун иштеп чыгышууда. "Шаардын тургундары жана коноктору өздөрүнүн эс алууларын өткөрүүчү сейил багында белгилүү коомдук ишмер Гейдар Алиевдин жашоосу, ишмердиги чагылдырылган маалымат такталар орнотулат”,- деди шаар башчысы. Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Азербайжандын колдоосу менен Бишкекте мектеп куруу боюнча маселеси каралды. Иса Өмүркулов курулган мектепке Г.Алиевдин ысымы ыйгарыларын жана мектеп үчүн орун шаардын борборунан бөлүнөрүн белгилеп өттү. Маалымат үчүн: Гейдар Алиев 1993-2003-жылдары Азербайжандын президенти болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: