super.kg logo

Түштүк Кореядагы белгилүү актёр Со Жи Соб сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды

 
Актёр Со Жи Соб дайыма жеке жашоосун сыр кармап келген.
Актёрдун сүйүктүүсү Чо Ын Чон.
Түгөйлөрдү тааныштырган маек.
"Арбак" сериалы.
"Аркамдагы Териус" сериалы.
"Сени менен бирге болуу" тасмасы.
"Менин Венерам" сериалынан.
"Бир гана сен" тасмасынан.
"Каин жана Авель" сериалынан.
"Кечир, мен сени сүйөм" сериалынан.

Түштүк Кореядагы белгилүү актёр Со Жи Соб өзүнөн 17 жаш кичүү Чо Ын Чон аттуу журналист менен сүйүү мамилесинде экени белгилүү болду. Бул тууралуу 17-майда News1 басылмасы жазды.

Маалым болгондой журналист кыз 2018-жылы март айында "Сени менен бирге болуу" ("Азыр жолугуу үчүн баратам") тасмасында роль жараткан артисттерден маек алган. Тасмада роль жараткан актёр менен журналист ошол күнү таанышып калышкан. Андан соң досторунун жолугушуусунда кезигишип, мамилеси башталган.

Бул боюнча коомчулукка маалымат тарагандан кийин актёр күйөрмандарына кайрылуу жасады. "Мени дайыма жакшы көрүп, колдоп келген күйөрмандарым кабарды кандай кабыл алат деп сарсанаа болдум. Бул боюнча айтуу бир аз кыйын болуп турат, бирок өзгөчө адамымды таптым. Ал мага колдоо көрсөтүп, дем күч берип турат. Мамилебиз жакшы. Мага көрсөткөн ишенимиңиздер үчүн жоопкерчиликтүү актёр болууга аракет кылам", - деп айтылат Со Жи Собдун кайрылуусунда.

Со Жи Соб 41 жашта. Ал "Кечир, мен сени сүйөм", "Каин жана Авель", "Арбак", "Менин Венерам", "Аркамдагы Териус" жана башка көптөгөн сериалдарда жана фильмдерде роль жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.05.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
41 жаш дейби ыя. Жап жаш го
17.05.2019. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kyrgyz-aiym, тамеки.насбай чекбейт экен.
17.05.2019. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын журоктон баары бир.
18.05.2019. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: