Бишкекте орус тилинде чыгарма жазган жазуучулардын фестивалы өтөт
19-23-ноябрь күндөрү Бишкекте орус тилинде чыгарма
жазган жазуучулардын фестивалы өтөт. Социалдык-экономикалык жана
интеллектуалдык фонду уюштуруп жаткан бул фестивалга катышууну каалагандар 15-октябрга
чейин орус тилинде жазылган эмгектерин fseip@ mail.ru. электрондук дарегине
жиберишсе болот. Жазуучулардын жашы 40тан жогору болбошу кажет. Ал эми эң мыкты деп табылган чыгармалар Орусиянын жана Кыргызстандын
адабий журналдарына жарыяланып, “Жаңы жазуучулар” жыйнагына киргизилет. Ошондой
эле “Каталог-2014” аталышы
менен Орусиянын китепканаларына таратылат.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.