super.kg logo

Юристанбек Шыгаев эки картинанын түп нускасын музейден алып начар абалда кайтарганы боюнча жаңжал чыкты

 

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев мамлекеттик мүлк катары саналган эки картинаны алып, бирок начар абалда музейге кайтарып бергени боюнча жаңжал чыкты. Окуя боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Маданият министри Азамат Жаманкуловдун атына жазылган кызматтык катта картинанын бири музейден жоголуп, зыян келтирилген, начар абалда 2014-жылдын январь айында гана пайда болгону айтылат. Ошол убакка чейин ал Юристанбек Шыгаевдин колунда болгону аныкталган.

"25-апрелде картиналарды сактоочу жайды текшерүү учурунда Н.Сверчковдун "Ат менен ит" картинасына зыян келтирилгени байкалган. Сүрөттүн айрым жерлеринде, өзгөчө сол тарабында боёктор эң төмөнкү катмарга чейин өчүп, аттын сүрөтү, иттин башындагы, эшиктин түркүгүндө боёктор өчүп калган. Сактоо боюнча жооптуу кызматкер Т.Попова картина директордун колунда болгонун, ал качан жана кантип алганын билбей турганын айткан. Мындан сырткары министрлик тарабынан орус искусствосунун түп нускаларын текшерүү башталганда 2014-жылы ошондой абалда алып келип бергенин билдирген", - деп жазылат катта.

Маалыматка караганда, Юристанбек Шыгаев эки картинанын көчүрмөсүн жасоо учурунда капыстан зыян келтирилгенин билдирип, аны өз каражатынын эсебинен оңдоо боюнча түшүндүрмө жазып берген.

"Бул маселе боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Директор сүрөттөрдү баштапкы калыбына келтирип берерин айткан. Текшерүү учурунда анын кызмат орду кандай болот азырынча белгисиз. Комиссиянын жыйынтыгына жараша маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилүү болгондой, сүрөтчү XIX кылымга таандык эки картинанын түп нускасын көчүрмөсүн жасатуу үчүн алган. Бирок музейге кайтарып берген учурда алардын абалы начар экени билинген. Картиналар совет убагында Третьяков галереясы жана Пушкин музейи тарабынан белекке берилген. "Бакуниндин портрети" менен Сверчков тарткан "Ат менен ит" картинасы мамлекеттик мүлк катары саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: