super.kg logo

Ырчы Амир Аскаров "Жүрөгүм эзилет" аттуу чыгармасын казак тилине уруксатсыз которуп алышканын айтты

 

Ырчы Амир Аскаров Чолпон Талипбек менен бирге аткарган "Жүрөгүм эзилет" аттуу чыгармасын казак тилине уруксатсыз которуп алышканын айтып чыкты. Ал казакстандык ырчылар Динислам жана Дилара жогорудагы ырды "Сен ушин өзгерем" деп ырдап чыгып, ырдын сөзү жана обону башка адамга таандык экенин көрсөтүшкөнүн билдирди.

"Артисттер жаңыдан чыгып, өзгөчө идеяларды издеп жатышканын түшүнүп турам. Бирок бул нерсе плагиатка, бирөөнүн эмгегин өзүнө ыйгарып алууга жол бербейт. Ырымды уурдап алып, өздөрүнүн аттарын жазып коюшуптур. Алар мени таппай койгонун айтышты. Аткаруу үчүн автору катары мага 3 миң доллар төлөшү керектигин айттым. Жаңыланган варианты жаккан жок. Ошондуктан кайрадан ырды менин катышуумда жаздыруу керектигин эскерттим. Алар андай каражаты жоктугун айтышкан соң мындан ары ырды аткарышпайт жана чыгарма бардык жактан өчүрүлө турган болду. Сотко берген жокмун", - деди ырчы Амир Аскаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.05.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
:)) үстүнө акча кошуп берсең да ырдамак эмесмин мен.
21.05.2019. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Kyrgyz-jigit.com,Үнүң жокта иничек.))
21.05.2019. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура кылат! Автор менен келишим түзүш керек! Жок дегенде ырдасак болобу деп автордон улуксаат сураш керек! Ыр жазуу, музыка жаздыруу дагы маңдай тер жаралат да! Кыргыздар эми араң өз укуктарын коргогонду, өзүн сыйлаганды үйрөнүп келе жатышат. Тууган элибиз деп эле өз эмгегиңерди баркрабай койсоңор - даяр эмгекти колдонуп акча таба беришет. Кой уят деп отура берсеңер-уурулар башыңарга чыгып алышат.
21.05.2019. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдай берсе не болмок бекитип олтура бергиле ырынапды анда.Б.Токторов каалаганын ырдай бергиле деп руксат бергенго
21.05.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага ушул ыр жана Амирдин аткарганы жагат
22.05.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала ырлары, чыгармачылыгы менен эмес эле чуулары менен таанылып келе жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: