super.kg logo

Музей: "Юристанбек Шыгаев эмгек өргүүсүнө чыгуу боюнча арыз жазды"

 

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Музейден "директор эмгек өргүүсүнө чыгууга гана арыз берди" деп билдиришти. Ал эми маданият министрлигинин басма сөз кызматы Юристанбек Шыгаевдин арызы министрликке келе электигине байланыштуу азырынча маалымат жоктугун айтышууда.

Сүрөтчү мамлекеттик мүлк катары саналган эки картинаны алып, бирок начар абалда музейге кайтарып бергени боюнча жаңжал чыккан. Окуя боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатканы маалым болгон.

Маданият министри Азамат Жаманкуловдун атына жазылган кызматтык катта картинанын бири музейден жоголуп, зыян келтирилген, начар абалда 2014-жылдын январь айында гана пайда болгону айтылат. Ошол убакка чейин ал Юристанбек Шыгаевдин колунда болгону аныкталган.

Маалыматка караганда, Юристанбек Шыгаев эки картинанын көчүрмөсүн жасоо учурунда капыстан зыян келтирилгенин билдирип, аны өз каражатынын эсебинен оңдоо боюнча түшүндүрмө жазып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жооп бере турган мезгил келгенде баары эле оргууго чыгып, ооруп калып ишти созуунун амалын кылышат. Эгер адам тириле турган болсо баары олуп алышмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: