Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында кайым айтышуу болуп, асманга ок атылды
Баткен облусуна караштуу Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагындагы Кыргыз-Тажик чек арасында асманга ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-майда Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагындагы көрүстөнгө кечээ сөөгү жерге берилген жарандын туугандары куран окууга келишкен. Ошол учурда Тажик чек арачылары келип, Кыргыз жарандары менен кайым айтыша кетишкен.
"Кыргыз тарап тажик чек арачыларын ал жерден кетүүсүн талап кылган. Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Ошол учурда Кыргыз жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Ал эми тажик чек арачылары асманга эскертүү катары ок чыгарышкан. Азыркы учурда Кыргыз-Тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергиликтүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери келишин талап кылышууда", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, Эски-Мазар аймагындагы көрүстөн шарттуу түрдөгү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыстыкта, тактап айтканда, Тажикстандын аймагында жайгашкан. Бирок бул жер азыркы күнгө чейин тактала элек.
Маалымат үчүн: Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстан Республикасынын чек ара сызыгынын узундугу 972 чакырым. Ал эми анын 330 чакырымы азыркы күнгө чейин тактала элек.
Буга чейин Чек ара кызматы эки элдин ортосундагы кайым айтышуу сарайдын сынган каалгасынан улам чыккан деп маалымат тараткан. Ал эми аталган айылдын өкмөт башчысы кайым айтышуу көрүстөндөн улам чыкканын билдирген.
Кыргыз-Тажик чек арасында асманга ок атылды



















1 |