super.kg logo

ТЕСТ: "Сактасын суук көздөрдөн, садагам Оштой жеримди". Кереметтүү Ошко арналган тест

 

Саналуу күндөрдө жайкы каникул башталып, эс алуу сезонуна старт берилгени турат. Акыркы жылдарда ички туризм да өнүгүп, Нарындан Ошко же Баткенден Таласты көздөй жолго чыгып, ар дубандын кооз жаратылышы, тарыхый жайлары менен таанышкысы келгендер көбөйүүдө.

SUPER.KG порталы аймактардын өзгөчөлүктөрүнө арналган тесттерди сунуштайт. Бүгүн Ош шаары тууралуу канчалык билериңизди сынап көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Уламыш боюнча, өлкөнүн түштүк борбору эмнеге "Ош" деп аталып калган?

"Бир заманда Сулайман пайгамбар өзүнүн көк өгүзүн жонуна чоң ташты жүктөп алып, күндөп-түндөп жол басып бул жакка келет. Эчен күн суусуз чөлдөрдөн өткөн өгүз буркан-шаркан агып жаткан дарыяны кечер алдында жумурун суулап алганы суудан шимирип, агып жаткан сууну соолутуп таштайт. Ичине кирген суусу менен баса албай ынтыккан өгүздү Сулайман "өш, өш" деп чапкылайт. Бул жер ошондон тартып Ош деп аталып калган" деп айтылат уламышта.

Кийинки суроо


Ош баатыр бул жерде душманды жеңген.
Сулайман пайгамбар өгүзүн "өш, өш" деп айдаган.
Александр Македонский бул жерге конуп, "Ошо" деген.
Айкөл Манас бул жерде Аккуласын "Ош, ош!" деп чапкылаган.

Окумуштуулардын пикиринде, Ош шаарына канча жыл болду?

Ош - Орто Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири. Археологиялык изилдөөлөр боюнча, калаанын 3 миң жылдан ашуун тарыхы бар. Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат. Быйыл Оштун 3019 жылдыгы белгиленет.

Кийинки суроо


3018 жыл
75 жыл
3000 жыл
29 жыл

Ош шаары аркылуу кайсы дарыя агып өтөт?

Ак-Буура Ош шаары аркылуу агып өтөт. Ак-Буура суусу – Кара-Суу жана Ноокат районунун аймактары аркылуу аккан суу, Кара-Дарыянын сол куймасы. Узундугу 136 чакырым. Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башталып, Ак-Буура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат.

Кийинки суроо


Чу
Ош
Көгарт
Ак-Буура

Сулайман-Тоонун боорунда эмне курулган?

Сулайман-Тоо Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан. Анын узундугу – 1140 метр, туурасы – 560 метр. Тоонун боорунда "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси курулган. Музейде кыргыз элинин улуттун сыймыгы болгон баалуу тарыхый жана маданий эстеликтери сакталып турат. Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Кийинки суроо


Чиркөө
Көп кабаттуу турак жайлар
Музей
Түнкү клуб

Ош облусу кайсы мамлекеттер менен чектешет?

Ош облусу өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан. Анын жалпы аянты 29,2 миң чарчы чакырым. Облус үч мамлекет менен чектешет: чыгышта - Кытай менен, түштүктө - Тажикстан менен, түндүк-батышта - Өзбекстан менен.

Кийинки суроо


Кытай, Тажикстан, Өзбекстан
Тажикстан, Өзбекстан
Өзбекстан
Эч бир мамлекет менен чектешпейт

Ош кайсы тамак-аштар менен белгилүү?

Ош "даамдуу тамактардын мекени" деген наамга ээ. Өлкөнүн ичинде жана сыртта Ош тандыр самсасы менен белгилүү. Шаар ичинде самсакана табуу оңой. Самсага көп эт, пияз жана мурч кошулат. Оштун экинчи башкы тамагы - бул өзгөн күрүчүнөн жасалган аш.

Кийинки суроо


Гүлчөтай жана чучук
Тандыр самсасы жана аш
Мастава жана дымдама
Бешбармак жана шорпо

Оштун тургундары көп учурда бири-бирине "жигар" деп кайрылышат. Бул сөз эмнени билдирет?

Ош шаарында өзбек улутундагы жарандар калктын дээрлик жарымын түзөт. Алар жергиликтүү эл менен тыгыз байланышкандыктан кыргыз тилинде өзбек тилиндеги көп сөздөр колдонулуп калган. Мисалы, Ошто тургундар бири-бирине "жигар" деп кайрылышат. Өзбек тилинен бул сөз "боордошум", "тууганым" деп которулат.

Кийинки суроо


Боордош
Дос
Теңтуш
Кошуна

Кыргыздын кайсы залкар обончусу жана ырчысы - Оштун кулуну?

Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Ал "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алган соң "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Абдыкадыров 360 чамалуу обон жараткан.

Кийинки суроо


Чубак Сатаев
Болот Миңжылкиев
Таалай Бектурганов
Рыспай Абдыкадыров

Ош шаарында улуттун өкүлдөрүнүн саны боюнча кыргыздар менен өзбектерден кийин кимдер турат?

Ош шаарында көп улуттар жашайт. Мэриянын 2018-жылга карата маалыматы боюнча, шаардын калкынын саны 288,8 миң адам. Анын 50,1 пайызы кыргыздар, 43,3 пайызы өзбектер, 2 пайызы түрктөр, 1,5 пайызы орустар.

Кийинки суроо


Түрктөр
Орустар
Тажиктер
Татарлар

Ош шаарынын телефон коду кандай?

Ош шаарынын телефон коду 3222. Бишкектики 312, Баткендики 3622, Таластыкы 3422, Нарындыкы 3522, Караколдуку 3922 жана Жалал-Абаддыкы 3722.

Кийинки суроо


3222
312
3622
3422

Сулайман-Тоонун чокусунда кимдин үйү жайгашкан?

Сулайман-Тоонун чокусунда Бабурдун үйү бар. Тарых барактарында Мухаммед Захриддин Бабур Моголдор империясынын негиздөөчүсү. Ал 16-кылымда тоонун чокусунда намазкана курдурган. 1963-жылы эскилиги жеткендигине байланыштуу сүрдүрүлүп, 1991-жылы кайрадан калыбына келтирилген. Бул намазкана Захриддин Бабурдун үйү деп аталганы менен, анын үйү ушул эле чокунун башка жагында жайгашкан.

Кийинки суроо


Оштун мэриясы.
Сулайман пайгамбардын үйү.
Жергиликтүү депутаттын хан сарайы.
Бабурдун үйү.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Оштун келиндеринин кайсы ишин үлгү катары келтирген?

2017-жылы ал кездеги өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун тургундарын Оштун келиндериндей үйлөрдүн короолорун тазалоого чакырган. Экс-президент айтып бергендей, бир күнү ал Владимир Путин жана башка чет элдик коноктор менен "Ата-Бейитке" бара жатып, жолдун боюнда таштандыларды көрүп өзүн ыңгайсыз сезген. Атамбаев жергиликтүү тургундарды айлананы таштандылардан тазалоо маселесине көңүл бурууга чакырган.

Кийинки суроо


Кооз кийингенин.
Эрте туруп үйдүн короосун тазалап туруусун.
Аракечтиктен алыс болгонун.
Баланы тарбиялоосун.

Ошто кайсы автоунаалар көп?

Ош шаарында Дэу Матиз жана Дэу Тико үлгүсүндөгү унаалар көп кезигет. Алар коңшу Өзбекстандагы заводдон чыгарылат. Матиз жана Тиконун баасы жеткиликтүү, тетиктери арзан, күйүүчү майды аз "ичкени" үчүн бул унаалар чоң суроо-талапка ээ.

Кийинки суроо


Мерседес-Бенц жана Ауди
Лексус жана Тойота
Тойота Ист жана Хонда Фит
Дэу Матиз жана Дэу Тико

Оштогу маршруттук таксилер Бишкектегилерден эмнеси менен айырмаланат?

Оштогу маршруттук таксилерде жүргүнчүлөр жол киресин киргенде эмес, чыгып жатканда төлөшөт. Ал эми Бишкекте жана өлкөнүн башка шаарларында жол киреси унаага киргенде төлөнүшү керек экени белгилүү.

Кийинки суроо


Айдоочулары көчөлөрдү айтып турушат.
Жүргүнчүлөр жол киресин түшүп баратканда төлөшөт.
Аялдамаларда гана токтойт.
Ар бир маршруттук таксиде килем төшөлгөн.

Ош калаасы тарыхта кандай маанилүү роль ойногон?

Ош шаары Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. Байыркы замандарда Ош базарлары жана кербен сарайлары менен белгилүү болгон.

Кийинки суроо


Фашисттерди токтоткон.
Оштон космоско биринчи ракета учкан.
Адамзат тукуму Оштон башталган.
Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаа болгон.

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(46)
23.05.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
94 упай
23.05.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87. Сулайман пайгамбар огузун Ош Ош деп айдаганын, Улуттардан турктор басымдуулугу боюнча 3 унчу орунда турарын билбейт экенмин
23.05.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Momun..., менде да так ушундай экен
24.05.2019. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Momun...сөзүңө кошулам
23.05.2019. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
94
23.05.2019. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ошто осуп Ошту билбесем уят го аа, 100 бал .
23.05.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
74
23.05.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
94
23.05.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
80 жакшы элего
23.05.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
100 пайыз жооп бердим ураа!!!
23.05.2019. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Тест: "сактасын суук көздөрдөн, садагам оштой жеримди". Кереметтүү ошко арналган тест
сиздин упайыңыз

74
туура жооп: 11
ката жооп: 4
жалпы: 15 суроо
жакшы. Ошко көп-көп барып турат окшойсуз :)
суперстан боюнча менин сунуштарым
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-23 16:42:03
23.05.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
80
Туура жооп: 12
Ката жооп: 3
Жалпы: 15 суроо
Мыкты! Сиз оштук эмессизби? :)дейтго :)
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-23 16:42:40
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: