super.kg logo

Зеленскийди кызматтан кетирүү жөнүндө петиция жетиштүү добуш топтой алды

 

Украинанын президенти Володимир Зеленскийди кызматтан кетирүү жөнүндө петиция жетиштүү добуш топтой алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, петициянын автору Зеленскийдин мамлекеттик лидерге тийиштүү саясий багыты, так планы жок деп билдирген. Петиция 25 миңден ашык добуш топтой алды.

"Сиз так убада берген жоксуз. Бирок сиздин шайлоо, инаугурациядан кийин так жолуңуз болушу керек. "Элдин кулу" өзүнүн элинин алдында моралдык жоопкерчиликке ээ боло албаган кырдаал түзүлүп жатат. Ошондуктан биз тез арада президенттик кызматтан кетишиңизди талап кылабыз", - деп жазылат петицияда.

25 миң добуш чогулган соң президент бул маселени караш керек. Бирок Зеленский петицияга реакция кылбай турганын Украинанын президенттик администрациясынан билдирген.

Украинадагы президенттик шайлоонун алгачкы туру 31-мартта өткөн. 39 талапкер катышкан шайлоодо Зеленский шайлоочулардын 30,24 пайыз добушуна ээ болсо, Порошенко 15,95 пайыз добуш алып 2-турга өткөн. 21-апрелде шайлоонун 2-туру өтүп, Зеленский атаандашынан дээрлик 3 эсе көп добуш топтоп уткан.

Володимир Зеленскийдин өмүр баяны төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.05.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы эле АКШ менен Украина олигархтарынын айтканын кылып журуп,нары же бери болот да
24.05.2019. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
План тузуп алып аны аткарбагандан кийин не кереги бар деймда. Андан коро корунуктуу иш кылса плансыз болсотда
24.05.2019. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
48 млн жашоочусу, 20млн ашык шайлоочу бар Украина үчүн 25000 бул көппү? 25000 адам бул Украинанын бир районный центри да.
25.05.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
20 млн шайлоочунун 14 млну Зеленскийди шайласа, анан 25 миң адам тагдырын чечет бекен??? Кол топтогон 25 миңдин баары коррупционерлер болсо керек. Өлүп бараткан жаныбар тыбырчылаган сыяктуу болуп жатышат да.
25.05.2019. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине убакыт берип иштетип корушпойбу, иштей элек жатып иштен айдап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: