Индияда соода борбору өрттөнүп 19 киши каза болду
24-майда Индиянын Гуджарат штатынын Сурат шаарында соода борбор өрттөнүп 19 киши каза болду. Алардын бир канчасы жаракат алган. Бул тууралуу India Today басылмасы жазып чыкты.
"Каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн" деди шаардык полициянын өкүлү Сатиш Кумар Мишра.
Өрт Taxshila соода борборунун экинчи кабатында башталган. Имараттын 3-4-кабатында билим берүү борбору жайгашкан. Күбөлөрдүн айтымында, өрттөн сактануу үчүн элдер терезеден боюн ташташкан.
Укук коргоо органдары өрттүн кесепетин териштирүү иштерин баштады. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун жакындарына финансылык колдоо көрсөтүүгө убада беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:9
2025-07-07
14:01
2025-07-07
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.