super.kg logo

Канн кинофестивалынын башкы сыйлыгын Квентин Тарантинонун кезектеги шедеври эмес, түштүк кореялык тасма алды

 
Түштүк кореялык режиссёр Боң Жун Хо "Паразиттер" деген киносу үчүн "Алтын пальма" сыйлыгын алуу учурунан.
"Паразиттер" киносунан кадр.
"Паразиттер" киносунан кадр.
Гран-при сыйлыгын алган франциялык режиссёр Мати Диоп менен Сильвестр Сталлоне.
Эркек жана аялдын мыкты ролдорун алышкан Антонио Бандерас менен Эмили Бичем.
Квентин Тарантино, Леонардо Ди Каприо, Брэд Питт.

25-майда кино дүйнөсүндөгү эң беделдүү кароолордун бири болгон Канн кинофестивалы 72-ирет өтүп жыйынтыкталды.

Быйылкы жылы "Алтын пальманы" түштүк кореялык режиссёр Боң Жун Хонун "Паразиттер" деген киносу алды. Мындай чоң сыйлыкты аталган кинофестивалда Корея Республикасы биринчи жолу алып жатат. "Паразиттер" тасмасында бай жана жакыр эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү тууралуу баяндалат.

Фестивалдагы экинчи башкы сыйлык - Гран-при франциялык режиссёр Мати Диоптун "Атлантика" аттуу киносуна ыйгарылды.

Мыкты режиссёр номинациясында "Жаш Ахмед" деген кинону тартышкан бельгиялык ага-ини Дарденндер аталышты.

Эркектин мыкты ролу сыйлыгы Антонио Бандераска, ал эми аялдын мыкты ролу сыйлыгы Эмили Бичемге берилди.

Ал эми фестивалдын башкы күтүүсүз жаңылыгы - атактуу режиссёр Квентин Тарантинонун колу кур калгандыгында болду. Ал бул кароого "Бир жолу Голливудда" деген тасмасын алып келген эле. Андагы башкы ролдорду Леонардо Ди Каприо, Брэд Питт жана Марго Робби аткарышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
27.05.2019. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буйруганы болот да. Корейлердин киносун коруш керек окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: