super.kg logo

15 миллион долларлык үлпөт той. Женнифер Лопес менен сүйүктүүсү үйлөнүү тоюна даярданып жатышат

 

Дүйнөгө белгилүү ырчы, актриса Женнифер Лопес ырчы жана бейсболчу Алекс Родригес менен баш кошуу алдында турушат. Үйлөнүү той жай айларына пландалган. Бул тууралуу The Gal Post басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтык булакка ырчы тойдун датасы белгилүү болгонун, бирок азырынча сыр бойдон калтырарын билдирген.

Басылма ырчынын курбуларынын билдирүүсүнө таянып "бул үйлөнүү той өзгөчө болот" деп жазат.

Лопестин үлпөт көйнөгү ырчынын мурдагы тоюндагы көйнөктөрүн тиккен италиялык Valentino мода үйүндө тигилет. Салтанаттын жалпы бюджети 15 миллион долларды чапчыйт. Түгөйлөр майрамдык тортту эле 50 миң долларга буюртма кылышканы айтылууда. Ал эми үлпөт кечесин өткөрүүгө алар Багам аралдарын тандап алышкан. Женнифер Лопес тойдо бардык тууган-достору болуусун каалайт. Ал жолдошунун мурдагы турмушундагы балдары менен жакшы тил табышарын жазат басылмалар.

Жылдыздуу түгөйлөр 2017-жылдын март айынан бери мамиле түзүп келишет. Родригес буга чейин ырчыга 4,5 миллион доллар турган шакек тагып колун сураган.

Лопес буга чейин 3 жолу турмушка чыгып ажырашкан, ал эми Родригес экинчи ирет үйлөнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
29.05.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Миллион доллар деп жонокой эле жазып коюптур го:))))
29.05.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчаны кайда коротушту деле билишпей калганго биз учун аябай чон сумма миллион долларов менен Бактылуу жашап кеткиле эми.
29.05.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуларга окшойбуз, деп биздин артисттерда акчаларды чачып обу жоктонуп тойлорду өткөрүп жатышатта. Буларго мусулман эмес, жана акчалары өтө көп, буларга жараша берет эмне кылса да. Биздикилер жөн эле коюшса!
29.05.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каарыса деле....
29.05.2019. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
О май гад.
30.05.2019. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Merelisha,боорду эздин.настроение жок эле.о май гад .ду ит ду ит май бейби деп койбодун дагы))))
03.06.2019. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга миллион табыш ошончо оной окшойт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: