Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери пара алып жаткан учурунда кармалды
24-майда УКМКнын ыкчам изилдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында пара алып жаткан учурунда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук башкармалыгынын кызматкери О.М. кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Кармалган адам ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылгандыгы аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө жайына киргизилди", - деп билдирет аталган комитет.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.