Жогорку Кеңеште жаңы депутат Айнура Аскарова ант берди



Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште жаңы депутат Айнура Аскарова ант берди.
Ал "Кыргызстан" фракциясына Айтмамат Назаровдун ордуна келди.
Маалыматка ылайык, Айнура Аскаровага 27-майда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мандат тапшырылган. Айтмамат Назаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал "Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчиси болуп дайындалган.
Айнура Аскарова буга чейин бир канча басылмаларда иштеп келген. 2018-жылдан бери Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясында бөлүм башчы болуп эмгектенет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
-1

