Депутат өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин эртең кароону сунуштады. Бирок бул маселе бүгүн каралмай болду
Депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлигин эртең, 30-майда кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүн өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерлиги каралып, жактырылса буйрукка президент кол койгонго жетишпей калат. Президент 3 сутканын ичинде буйрук чыгарышы керек. Бүгүн биз макулдук берип калсак, ал киши кол койгонго жетишеби? Ошондуктан бул маселени эртең карасак туура болот", - деди Абдылдаев.
Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстандан учуп келе турганын айтып, бул маселени карай берүүнү сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

