super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-МАЙ: "Жолдошум жыл сайын 101 роза берүүнү адатка айланткан" дейт 34 жашка толгон Бактыгүл Бадыева

 

Бүгүн, 29-майда ырчы Бактыгүл Бадыева 34 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыкканда туулган күнүн апасы, бир туугандары менен белгилеп жатканын айтты.

"Туулган күнүмдү алгачкылардан болуп жолдошум куттуктады. Ал буга чейин түнкү саат 00:00дө 101 роза берип, белегин кечинде досторубуздун курчоосунда болгон кечеде ыйгарчу. Бул ирет дагы адатынча 101 роза берди. Ал эми белегин кечинде берет. Андан кийин апам куттуктады. Кыздарым кичинекей болсо дагы открыткаларын берип көңүлүмдү көтөрдү. Куттуктоолордун аягы суюла элек. Учурда апам, бир туугандарым менен туулган күндү белгилеп жатабыз. Ал эми кечинде досторубуздун курчоосунда чакан кече болот", - дейт ал.

Бактыгүл Бадыева 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, балалыгы Токмокто өткөн. Ал сахнага "Сүйүү тамгасы", "Кайдасың?", "Жүрөк тагы", "Энекем" аттуу ырлары менен чыгып, атактуулукка жетишкен.

Ырчы актриса катары дагы "Кайып булак", "До+Фа" аттуу тасмаларда роль жараткан.

2013-жылдын апрель айында жолдошу Алмаз Закировго турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда Ширин, Эркеле жана Дария аттуу кыздары бар. Ырчы маектеринде чыгармачылыкты эмес, үй-бүлөнү тандаганын айтып келет.

29-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
30.05.2019. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип Бакуляны туурап койгон экен да кызынын атын Дария деп)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: