super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сары-Челек коругун сактап калуу үчүн анын аймагындагы айылды коруктан сырткары көчүрүү керектигин айтты

 

Сары-Челек мамлекеттик коругун сактап калуу үчүн анын аймагындагы айылды коруктун аймагынан көчүрүү зарыл. Мындай сунушту бүгүн, 30-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында депутат Алмазбек Эргешов билдирди.

"Сары-Челек коругунун түзүлгөнүнө 60 жыл болуптур. Анда сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрү көп, арасында "Кызыл китепке" киргендери да бар. Анын аймагында 1,3 миӊ адам жашаган Аркыт айылы жайгашкан. Советтер Союзу жоюлгандан кийин жергиликтүү тургундар кароосуз калгандыктан, бак-дарактар кыйылып, корукка мал жайыла баштады. Адистердин айтымында, эгерде корукту сактап калалы десек, Аркыт айылын коруктун аймагынан сырткары көчүрүү зарыл.

Ал эми айыл тургундары жыл сайын туризмден түшкөн 6-7 миллион сом каражатты айылды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетке калтыруу өтүнүчүн билдирүүдө. Эгерде маселе чечилсе, алар малдын санын азайтууга даяр. Өкмөт иликтеп чыгып, Сары-Челек коругун сактап калуу багытында тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: