super.kg logo
  Саясат  

Депутат вице-спикерди сылык сүйлөөгө чакырды

 

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев вице-спикер Мирлан Бакировду ороңдобой сүйлөөгө чакырды.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

"Урматтуу Мирлан Исакбекович, берилген маалымат расмий тилде экен. Адамдын аты берилбейт же "на основании географических объектов" деп турат. Бул кандай шартта болот?" - деп суроо узатты Жээнчороев.

Буга Бакиров: "Менде мамлекеттик тилдеги маалымат бар. Таблого кирсеңиз маалымат турат. Кайсы берене тууралуу айтып жатасыз?" - деди.

Жээнчороев: "Кечирип коюңуздар, президиумга барганда башыңарга кислород жетпей калабы? Ороңдобой эле сүйлөбөйсүздөрбү? Түшүнбөсөңүз которуп бер деп айтыңыз. "Таблодо бар, карабайсыңарбы?!" деп орой сүйлөбөңүз", - деди Жээнчороев.

Бакиров: "Мен сизге жакшы эле кайрылып жатам. Канчанчы берене тууралуу сөз кылып жатканыңызды сурадым. Кислородду адаштырбай эле беренени айтсаңыз бизге жетиштүү болот", - деп жооп кайтарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: