Бишкекте "Өз учурунда мейкиндикте саякатта" деп аталган көргөзмө өтөт
Эртең, 1-июнда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Өз учурунда мейкиндикте саякатта" деп аталган сүрөт көргөзмө ачылат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашып, көргөзмөдө орусиялык саясатчы Валентин Ефремов менен сүрөтчү Владимир Логинов экөөнө таандык сүрөттөр коюлат.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Нижегород облусунун "Саясатчылар клубу" жана улуттук китепкана тарабынан уюштурулууда. Көргөзмө Ефремовдун саякат экспедицияларынын алкагында өтөт. Мунун максаты Советтер Союзуна кирген өлкөлөргө саякаттоону көбөйтүү жана достукту бекемдөө.
Сүрөт көргөзмөгө кирүү акысыз. Ал 17-июнга чейин созулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.