"Мегакомдун" директорун премьер-министрдин бажасы коркутту" деген маалымат боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталды
"Мегакомдун" директору Акылбек Жамангуловду премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев коркутту" деген маалымат боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайлды" иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында Жамангулов билдирди.
Жамангуловдун айтымында, Башкы прокуратура аны "Ачык өкмөт" улуттук форумунун мурдагы жетекчиси, премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев коркутканы тууралуу маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Буга чейин “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

