super.kg logo
  Саясат  

Депутат шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан долбоорлор "чийки" экенин билдирип, сунуштарын айтты

 

Депутат Исхак Масалиев шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан долбоорлор "чийки" экенин билдирип, сунуштарын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда парламенттик угууда билдирди.

"Тилекке каршы, сиздер карап, талкуулап жаткан жумушчу топтун долбоорлору бир аз "чийки" болуп жатат. Коомчулуктагы талаптарга дал келбейт. Конституцияда депутаттар шайланат деген принцип бар. Биз болсо топтолгон тизмеге добуш берип жатабыз. Бул мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Биздин экинчи окууда сунуш бергенге укугубуз бар. Депутат Бакыт Төрөбаев жана мен Жогорку Кеңештин депутаттарын мандаттарын алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын добушун 9 пайыздык босоголук чекти 5 пайызга түшүрүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле 3төн 5 пайызга чейинки шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга атайын квота 5 депутаттык мандатты бекитип берүүнү сунуштайбыз. Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого катышса кызмат ордун убактылуу эмес, толугу менен ташташ керек. Үгүт иштерине шоулорду кыскартуу зарыл. Теледебат деген форматка өтсөк жакшы болмок. Шайлоо мезгилинде пенсияны, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын көтөрүүгө тыюу салалы деген сунуш киргизип жатабыз. Шайлоодо айлыкты көбөйтүүнү токтотуш керек. Ар бир президенттик шайлоону карасаңар айлык көбөйөт. Айлык болсо мамлекеттин абалына жараша көтөрүлө берет", - дейт ал.

Учурда депутаттар тобу шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштеп чыккан долбоорлордун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: