Режиссёр Эмир Кустурица Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тасма тартат
Сербиялык кинорежиссёр, актёр жана музыкант Эмир Кустурица Чыңгызхан тууралуу тасма тартат. Ал бул тууралуу Орусиянын Железноводск шаарында өткөн "Герой и время" кинофестивалында билдирген.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, тасма залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгызхандын ак булуту" чыгармасынын негизинде тартылат.
"Учурда Монгол империясы тууралуу, тагыраагы, Чыңгызхан жөнүндө тасма тартууну ойлонуп жатам. Менде Чыңгыз Айтматовдун жакшы китеби бар. Тасманын сценарийи ошол китептен алынат. Менимче, тасма кийинки фестивалга чейин даяр болот", - деген режиссёр.
Эмир Кустурица 40 жылга чукул убакыттан бери тасма тартуу менен алектенет. Ал Канн кинофестивалында "Алтын пальма" сыйлыгынын 2 жолку жеңүүчүсү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.