super.kg logo
  Саясат  

Парламенттик угуунун катышуучусу: "Депутаттардын мандатын кайтарып алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу керек"

 

Парламенттик угуунун катышуучусу Майрамкүл Учегенова жыйынга катышпаган депутаттардын мандатын кайра кайтарып алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу керектигин айтты.

"Айылдык кеңештин айрым депутаттары айыл башчылар шайлоодо жана бюджет бекитилип жатканда эле келишет. Калган күндөрү аларды таба албайбыз. Жогорку Кеңештин депутаттары деле сессияга келишпейт экен. Депутаттардын мандатын кайтарып алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу керек. Бул талаптарды күчөтмөк.

Эл өкүлдөрү кыргыз тилинде сабаттуу жазганды билиши зарыл. Ошон үчүн алар кыргыз тили боюнча сынактан өтүшү керек. Айылдык кеңештин депутаттары тиешелүү мыйзамдарды дагы билиши шарт. Айыл башчылык кызматына даяр эмес кадрлар келип жатат. Айыл өкмөттөрдү эл шайласа жакшы болмок", - деди ал.

Учурда депутаттар тобу шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштеп чыккан долбоорлордун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: