super.kg logo

Ишкерлер өлкөдөн мыйзамсыз миллиондогон доллар акча чыгарылды деген калп маалыматтан кийин керексиз текшерүүлөр күчөйт деп нааразы болушууда

 

"Жалпыга маалымдоо каражаттарына "Өлкөдөн миллиондогон доллар акчалар чыгарылып кетти" деп чыккан калп маалыматтан кийин бизге карата текшерүүлөр күчөйт" деди бүгүн, 3-июнда өткөн маалымат жыйында ишкер Самат Абдурахманов

Ал өз сөзүндө өлкөдөгү ишкерлер көбүнчө Кытайдан товар алдырарын, алар менен иштешүүдө экономика тармагында, ишкерликте туруктуулук маанилүү экенин белгиледи.

"Биз бир нече адам топтолуп Кытайга товар үчүн акча жөнөтүп турабыз. Жакшы иштешсек алар алдын ала товарды беришет, биз саткандан кийин акчасын кайтарабыз. Бирок ички рынокто мындай туруксуздук болуп жатат деген маалыматтарды таратсак, алардын бизге болгон ишеними солгундайт, ишибиз артка кетет. Ишкерлер төлөгөн салыкты эске алуу кажет", - дешти алар.

Ал эми ишкерлер менен чогуу келген юрист Муса Бейшенов мындай маалыматтар такталып, 2 тараптуу иликтенип жарыяланышы керек болчу деген пикирде.

"Эми бул маалыматтын алкагында ишкерлерге карата текшерүү органдарынын текшерүүсү күчөйт. Бул алардын бизнесине тоскоолдук жаратат", - деди ал. Өз учурунда "Өлкөдөн чыгарылган миллиондор" деген иликтөөнү даярдаган журналист алардын пикири менен макул эместигин, таза иштешсе маселе жаралбай турганын айтты. Ал эми бизнес өкүлдөрү текшерүүнүн өзү ишке тоскоолдук жарата турганын белгилешти.

Маалымат жыйынга "Дордой", "Кара-Суу", "Мадина" соода базарларынын өкүлдөрү катышып, журналисттерди маалымат таратууда кылдат болууга чакырды.






Ишкерлер: "Өлкөдөн ири суммада акча чыгарылды деген калп маалымат бизнеске терс таасирин берүүдө"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
03.06.2019. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардыгы таза болсо эмне коркушат, арты таза эмесда, эми чочуганы сонун экен... Ушуларды эми текшериш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: