super.kg logo

Рэп ырчысы Баястан кырк жылкылуу болду. Ал кызынын киндигин өзү кескенин айтат

 

Рэп ырчысы Баястан менен бийчи Зульфия Лансарова кыздуу болушту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады. "Рахмат сага, сүйүктүүм" деген билдирүүсүн калтырды. Ошондой эле Баястан кызы 3-июнда саат 14:14тө төрөлгөнүн жазды.

Ал эми Зульфия кызынын бою 52 сантиметр жана 3 килограмм 360 грамм салмакта төрөлгөнүн билдирген. Абалы жакшы экенин да кошумчалаган.

Түгөйлөрдү ата-эне болушу менен куттуктап Баястанга байланышканыбызда, ал буларга токтолду.

"Жубайым менен кызымдын абалы жакшы. Төрөткө мен дагы катышып, кызымдын киндигин өзүм кестим. Киндигин кесип жатканда кубанычтан көзүмө жаш толуп, башкача сезимдер болду. Кызыбызга Наринэ деген ысым ыйгардык", - дейт ал.

Баястандын билдирүүсүнүн алдына күйөрмандары, социалдык тармактагы окурмандары, шоу бизнестеги достору куттуктоо сөздөрүн калтырышууда. Ал эми шоумен Актан Рыскелдиев, актёр Нурсултан Курсанали уулу жана "Жарайт сити" долбоорунун жигити Алинур Абдыкалыков тамашалуу куттуктоо жасашты.

Рэп аткаруучу 2018-жылы 11-августта бийчи Зульфия Лансаровага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн үлпөт тою 27-августта Балыкчы шаарында өткөн.

Наринэ - армян тилинен которгондо "аялзаты", "айым" дегенди түшүндүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
03.06.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм
03.06.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнатасы 40 жылкы ээнчилеп береби ошондо?
04.06.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Defend.,менда ошентип ойлоптурмун же 40 жылкы сатып алганго депмин!!!
03.06.2019. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Частный клиника жыргал буларга
03.06.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырк жылкын бар болгону чын болсо зекет бергенди унутпа зекет Бер аябай кобойот буйруса.
03.06.2019. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Samatalibei, кыздуу болгонду кырк жылкылуу болду деп коет бизде.Мал жонундо соз болгон жок.Тузмо туз тушунуп алдынар окшойт.
04.06.2019. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiymkunumjyldyzym,созунор мн жерге киргиле менaм кырк жылкыны кантип кобойту экен деп кирипмин.
sher90kgz түзөттү 2019-06-04 01:38:41
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: