super.kg logo

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин окуясы боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды

 

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин окуясы боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-июнда облустук милициядан билдиришти.

Буга чейин маркумдун күйөөсү, кайненеси, кийин кошуналары да суракка алынган. Ошондой эле жаш келинди өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы далилденсе, күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп айтылган.

"Маркумдун ата-энеси күйөө баласы тарапка доосу жок экенин айтып, арыз жазып беришкен. Мындан улам иш кыскартылып, өндүрүштөн алынды", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Келиндин жансыз денеси 2018-жылы 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын милицияга атасы билдирген. Жансыз денеси каналдан табылган 21 жаштагы келин менен күйөөсү бир тууган ага-ининин балдары болгону айтылган. Ал күйөөсү экөө акыркы 5 жылдан бери бирге жашап, эки балалуу болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.06.2019. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондой дагы болмок беле ага ининин балдары
04.06.2019. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болгон учун эки балалуу болуптур да
04.06.2019. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнени төгүп алып?
05.06.2019. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчылыка салып бутуруп коюштуда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: