super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: "Туулган күнүмдү төрөтканада кызым менен жубайымдын жанында өткөрөм" дейт 26 жашка толгон рэпер Баястан

 

Бүгүн, 4-июнда рэп аткаруучу Баястан 26 жашка толду. SUPER.KG порталы Баястанды туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Өздүк майрамыма бир күн калганда жубайым Зульфия көз жарып, кыздуу болдук. Жубайымдын мага жасаган эң кымбат, табылгыс белеги болду. 4-июнга караган түнү досторум туулган күнүм жана кыздуу болушум менен куттуктап келишти. Туулган күнүмдү төрөтканада, кызым менен жубайымдын жанында өткөрөм", - дейт ал.

Баястан Ботоканов 1993-жылы 4-июнда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус Славян университетине тапшырып, окуусун улантып келе жатат.

Алгач 2008-жылы сахналаш досу Бегиш менен биргеликте "Керексиң мага" ыры менен чыгып, элге тааныла баштаган. Андан соң "Математика", "Эркелеп" жана башка ырлары жаралган.

2018-жылы 11-августта сүйүктүүсү Зульфия Лансаровага баш кошкон. Ал эми 27-августта түгөйлөрдүн үлпөт тою Балыкчы шаарында орун алган.

Ушул жылдын 3-июнунда Баястан менен Зульфия Наринэ аттуу кыздуу болушту.

4-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.06.2019. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
datkaaiym, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: