super.kg logo

ТЕСТ: "Тянь-Шань деген бир сөз ойго келсе, мээ сергип, медер кылып толкуп кетем". Аскасы асман тиреген Нарын облусу тууралуу тест

 

Нарын облусу өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан. Башка облустардан мал киндиктүү келип, элдин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет. Тоолуу жер болгондуктан бардык калктуу конуштар Нарын дарыясын бойлой жайгашкан.

Жайдын аптаптуу саратан күндөрүндө айрымдарыбыз иштеп жатсак, көпчүлүгүбүз шаардын ызы-чуусунан, ысыгынан тажап кайда барып эс алсам деп баш катырып турган учурубуз. Акыркы жылдарда ички туризм өнүгүп, Нарындан Ошко же Баткенден Таласты көздөй жолго чыгып, ар дубандын кооз жаратылышы, тарыхый жайлары менен таанышкысы келгендер көбөйүүдө. Эгер сиз Нарын облусуна саякатка чыгууну пландап жатсаңыз, тесттен өтүп керектүү маалыматтарды топтоп алыңыз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Нарын облусунда кайсы көлдөр жайгашкан?

Нарын облусунда Соң-Көл жана Чатыр-Көл көлдөрү жайгашкан. Соң-Көл – Ички Теңир тоонун бийик тоолорунун арасында 3000 метр бийиктикте жайгашкан. Узундугу 29, туурасы 17 чакырымга созулуп, 292 чарчы чакырым. Көлдүн тереңдиги ар түрдүүчө, чыгыш жагы 10-15 метр болсо, батыш тарабындагы тереңдик 22 метрге чейин жетет. Чатыр-Көл Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан. Көлгө 50дөн ашуун суулар куят. Узуну 23, туурасы 11 чакырымга созулуп, 170,62 чарчы чакырымды түзөт.

Кийинки суроо


Соң-Көл, Чатыр-Көл
Сары-Челек, Көл-Төр
Соң-Көл, Сары-Челек

Ат-Башыда эт жегенден кийин адатка айланган көрүнүш эмне экенин билесизби?

Нарын облусунун Ат-Башы районунда тургундардын басымдуу бөлүгү эт жеп бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө сүттөп чай ичүүнү адатка айлантышкан. Ошондой эле айрымдары карандай чайга сүзмө салып ичишет.

Кийинки суроо


Эт жегенден кийин муздак суу ичишет
Эт жеп бүткөндөн кийин шорпо ичишет
Эт жегенден кийин сүттөп чай ичишет

Нарындыктардын от жагып, нан бышыруучу буюму эмне деп аталат?

Өлкөнүн түштүк аймагында нанды тандырга бышырышат. Ал эми Нарында от жагып бышыруучу буюм көңкө деп аталат. Тандырдан айырмачылыгы камырды атайын табааларга салып бышырышат.

Кийинки суроо


көңкө
тандыр
меш

Бишкекте соода тармактары, эс алуучу жайлар, кафе, ресторандардын көбү түнгө чейин иштегендиктен, жашоочулар көпчүлүк учурда жумуш убактысынан кийин деле бара беришет. Ал эми Нарындачы?

Бишкек шаарында базарлар, эс алуучу жайлар, кафе, ресторандардын көпчүлүгү түнгө чейин иштегендиктен, иш күндөрү деле жумуш убактысынан кийин барып соода кылууга, эс алууга жетишебиз. Ал эми Нарын шаарында көпчүлүк эс алуучу жайлар, базар, кафе-ресторандар күндүзү гана башкача айтканда, жумуш убактысы учурунда гана иштеп, кечинде жабылгандыктан кээде жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздыкты жаратат. Жашоочулардын көпчүлүгүнө соода кылууга, эс алууга дем алыш күндөрү гана ылайыктуу болуп саналат.

Кийинки суроо


Таң атканча иштей берет
Нарында эс алуучу жайлардын көбү күндүзү гана иштеп, жумуш убактысы бүткөндө жабылат
Ишемби, жекшемби күндөрү гана иштейт

Жайлоонун салкын таңындай, жашоонун мөмө шагындай. Жүзүмдөн шаттык ойносо..... Ырды улантыңыз....

“Жайлоонун салкын таңындай, Жашоонун мөмө шагындай. Жүзүмдөн шаттык ойносо, Жүрөгүм толкуйт Нарындай”. Аталган ыр саптары акын, жазуучу Исабек Исаковдун калемине таандык. Ал 1933-жылы Кочкор районунун Теңдик совхозунда туулган. Аталган чыгарманы азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева жана ырчы Элзар Сыдыков ырдап жүрөт.

Кийинки суроо


Жүрөгүм толкуйт Нарындай
Сагынтат сүйүү жалыны
Нарындай күүлөп агамын

Нарындын Кочкор районунда кандай тарыхый жайлар, эс алуучу жерлер бар?

Кочкор районунун Чолпон айыл аймагына караштуу Туз айылында "Чоң-Туз" кени жайгашкан. Шахтада бронхит, астма, аллергия жана башка ооруларга чалдыккан Орусия, Казакстан жана Кыргыздын туш-тарабынан келген бейтаптар дарыланышат. Учурда шахтадан чыккан кара туз Ысык-Көл жана Нарын облустарына жөнөтүлөт. Ал эми Ара-Көл айылынын чет жакасында 80 метр тереңдиктен чыккан Күйгөн сууга күнүнө ондогон адамдар барышат. Суунун курамындагы күкүрт аллергия жана башка тери ооруларына даба катары колдонулат.

Кийинки суроо


Салкын-Төр жаратылыш паркы
Тайлак баатырдын эстелиги
“Күйгөн суу” жана “Чоң-Туз” шахтасы

“Таш-Рабат” маданий архитектуралык эстелик Нарын облусунун кайсы аймагында жайгашкан?

Таш-Рабат – бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 чакырым түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан Таш-Рабат аталып, бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган уникалдуу жайга айланган.

Кийинки суроо


Жумгал районунда
Ат-Башы районунда
Ак-Талаа районунда

Нарын дарыясынын узундугу канча?

Нарын дарыясы Сыр-Дарыянын оң куймасы катары узундугу 534 чакырым, ал эми Чоң-Нарын куймасын кошкондо 807 чакырымга чукулдап чыгыштан-батышты (өйдөдөн-ылдый) карай жер кыртышынын рельефи боюнча капчыгай, коктуларды, тоо арасындагы өрөөндөрдү, ойдуң-түздүктү, ал жактарда жайгашкан шаар-айылдарды аралап агат.

Кийинки суроо


535 чакырым
300 чакырым
807 чакырым

Нарындыктардын аш-тойлордо устукан тартуу өзгөчөлүгү башка облустардан эмнеси менен айырмаланат?

Нарын облусунун эт тартуу өзгөчөлүгү боюнча башка аймактардан устуканды бүтүн бойдон тарткандыгы менен айырмаланат. Кыргыз өлкөсүнүн башка облустарында устукандарды 2 же 3-4кө бөлүп тартышса, Нарында бул көрүнүш уят деп эсептелет. Бодо малдардын айрым гана жиликтерин 2ге бөлүп тартышпаса, дээрлик бардыгы бүтүн бойдон тартылат.

Кийинки суроо


Устуканды бүтүн бойдон тартышат
Устуканды экиге бөлүп салышат
Этти сөөгүнөн бөлүп тартышат

Нарында күйөө баланы кантип сынашат?

Нарындыктар мал киндиктүү келип, этке көбүрөөк басым жасаары белгилүү. Андыктан Нарынга күйөө бала болчу жигит кой сойгонду гана эмес, жиликтердин аталышын, кайсы жилик кимге тартыларын, башкача айтканда, устукан тартуунун жол-жобосун билиши шарт.

Кийинки суроо


Мал бактырат
Кой сойдурат
Бир койдун этин жедирип сынайт

Нарын облусунун кайсы районундагы айылдардын басымдуу бөлүгү "Бийик тоолуу аймак" статусуна кирбей калган?

Нарын облусунун Кочкор районундагы айылдардын басымдуу бөлүгү деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикке жетпегендиктен "Бийик тоолуу аймак" статусуна кирбей калган. Мындан улам бул жактын жергиликтүү жашоочуларына мамлекет тарабынан социалдык жана экономикалык жактан атайын жеңилдиктер каралган эмес.

Кийинки суроо


Кочкор районундагы
Нарын районундагы
Ак-Талаа районундагы

Нарын облусунда канча айыл СССР убагында "шаар тибиндеги айыл" макамына ээ болгон?

Нарын облусундагы Достук жана Миң-Куш айылдары СССР убагында шаар тибиндеги айыл макамына ээ болгон. Достук Нарын районунда жайгашкан. Миң-Куш Нарын облусунун Жумгал районунан орун алган. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алгандан кийин аталган 2 шаарчадан "шаар тибиндеги айыл" макамы алынып, "айыл" макамы берилген.

Кийинки суроо


шаар тибиндеги айыл болгон эмес
1
2

"Нарын" деген сөз кандай маанини түшүндүрөт?

Нарын — улуттук сый тамак, эт. Бышкан эт майда тууралып үстүнө чык куюлат. Кесме кошулбайт. Нарын илгертен эле кыргыз, казак, өзбек жана башка элдердин сый тамагы болгон, бирок кыргыздын нарыны эң даамдуу болуп эсептелинет. Кесме кошулган нарын кыргызда "бешбармак" деп аталат. Ошондой эле Нарын географиялык аймагы боюнча монгол тилинен которгондо "кууш, тар" деген маанини түшүндүрөт.

Кийинки суроо


майдаланган эт
тоолуу аймак
дарыя

Нарын шаарында троллейбус каттамы кайсы жылы ишке кирген?

Нарын шаарында троллейбус каттамы 1994-жылы ишке киргизилген. Мындан улам Нарын шаары дүйнөдөгү троллейбус каттаган эң кичинекей шаар болуп эсептелет.

Кийинки суроо


2000-жылы
1994-жылы
2015-жылы

Бишкекте таксини телефон аркылуу буюртма берип чакырабыз. А Нарын шаарындачы?

Нарын шаарында бир гана борбордук көчө болгондуктан такси кызматы ары-бери тынымсыз каттап турат. Үйдө отуруп буюртма берип отурбай жолго чыга калып такси кызматын пайдалансаңыз кыйла жеңилирээк болот. Тагыраагы, Нарын шаарында 2 гана каттам болгондуктан, такси келе жатканда манжалардын жардамы менен 1 деп көрсөтүп тоссоңуз 1-каттамдын таксиси, 2 манжаңызды көрсөтүп тоссоңуз 2-каттамдын таксиси токтойт.

Кийинки суроо


Такси кызматы жок
Бир күн мурун буюртма берип койсо алып кетет
Жолго чыгып жөн гана тоспостон манжалардын жардамы менен тосуу керек

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(24)
01.07.2019. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
74 упай
01.07.2019. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74
01.07.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
80
01.07.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткендик болсом дагы Нарын тууралуу билет экенмин.94 бал
01.07.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озум нарындык бирок67 болду. Демек Баткендик жигит азамат экенсин
01.07.2019. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
67 болду. Эт менен сүттү аралаштырбаш керек го деп чайды тандап койгом да
01.07.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
67 орто
01.07.2019. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
34
01.07.2019. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
74 Лейлектен болом
01.07.2019. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74 болду, туштонтуу да нарындыктарга таандыкпы?
01.07.2019. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vestern18,ооба.туштонтуу,кол чайкаар дегендер
01.07.2019. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эт жегенден кийин сут чай ичеерин билбепмин албетте Жалал Абаддык бллсом 54 упай
01.07.2019. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
100 ураа ..Нарындыкмын да
01.07.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтогулдан болом 74 упай орто
01.07.2019. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тянь Шань деп кытайлар атаган атты колдонуп жүрөбүз. Эмне кыргызча аты жокпу...
02.07.2019. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урматтуу админ! "Чон-Туз" кени Ара көл айылында эмес Туз айылында жайгашкан, сурооңорду өзгөртүп койсоңор жакшы болот. Өзүм ушул айылда жашайм.
02.07.2019. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озум Кочкор району 100 балл алдым.
02.07.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
47
02.07.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100
02.07.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хе хе мен 87 балл


02.07.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 упай
04.07.2019. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
87%
07.07.2019. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалал -Абадтан 80упай)))
24.09.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эттен кийин сут чай ичпейт карандай чай десенер кичине
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: